Мамлекеттик эмгек инспекция башкармалыгынын башчысы Бауыржан Калжановдун айтымында, эки адам дароо жан берген, бирөө жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүлдү.
Чымкент полиция департаменти «Эмгекти коргоо эрежелерин бузуу» беренеси боюнча иликтөө иштерин баштады, экспертиза дайындалды.
Шаардык акимчилик билдиргендей, маркумдар Чымкенттин административдик-ишкер борбору аталган жаңы кичирайондо тогуз кабаттуу үйдүн курулушун жүргүзүп жаткан компанияда иштешкен.
Чыментте бир миллиондон ашуун киши жашайт. 2018-жылы республикалык маанидеги шаар макамын алган.