Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылы Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда товар жүгүртүү эки эсеге көбөйгөн.
Душанбедеги «Корвон» базарында соода кылган ишкер Наргис Хафизова товарларды мурда Кытай жана Кыргызстандан ташып келчү. Бирок жарым жылдан бери бизнес-багытын өзгөртүп, кийим-кечелерди Өзбекстандан алып келе баштады.
– Кытай жана Кыргызстанга караганда кирешелүү. Буга чейин Кытай жана башка өлкөлөргө баруу үчүн 7-10 күн жол жүрчүмүн. Өзбекстанга 2-3 күн эле кетет. Жыйынтыгында товарлардын баасы арзаныраак, – деди ал.
Анын айтымында, көптөгөн ишкерлер Кытай, Түркия жана Кыргызстандан жүк ташуу учурунда товар орто жолдо калып, көп кыйынчылык тартышат.