Басылманын маалыматына караганда, эртең мененки саат жетиде эле элчилик имаратынын алдына 250дөн ашык киши чогулуп калууда. Алардын көбү өлкөнүн Лебап жана Дашөгүз облустарынын тургундары.
— Кезек күткөн жарандардын көбү коңшу өлкөгө күнүмдүк колдонуудагы товарларды сатууга жана өзбек банкоматтарынан акча чыгаруу үчүн кетип жатышат, — деп жазды басылма.
20 күнгө виза алган адам Өзбекстанга бир нече жолу барып келсе болот. Ал туугандары менен тааныштарынын банк карталарын алып барып, акча чыгара келет. Бул кызматы үчүн карта ээлеринен 100-150 манаттан алат.
Түркмөнстанда банкоматтардан бир суткада 200 манаттан (57 доллар) ашык акча чыгарууга болбойт.