Ссылки доступа

Караганды облусундагы шахтада жумушчулар эвакуацияланды


Караганды облусунун Шахтинск шаарында жайгашкан Ленин атындагы шахтада жумушчулардын бардыгы шашылыш түрдө эвакуацияланды. Буга эски кенден чыккан түтүн себеп болгон. Учурда ал жерде куткаруучулар иштеп жатышат. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Пайдаланууга 1964-жылы берилген Ленин атындагы шахта Караганды көмүр бассейниндеги эң ири кен болуп эсептелет. 1996-жылы ал теги индиялык миллиардер Лакшми Митталга таандык «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын менчигине өткөн.

1970-жылдардын аягынан бери Ленин атындагы шахтада кеминде жети авария катталып, бир канча адам каза болгон. Алардын эң ириси 2006-жылы болуп, метандын жарылуусунан 41 кенчи өлүп, жети адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG