Тажикстандык 80дей жаран алдамчылардын кылтагына илинген. Алар Чехияга ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүнү убадалаган компания кызматкерлерине 500 доллардан 1300 долларга чейин акча төлөшкөн.
"Гардуна" фирмасына ишенген кардарлардын жалпы саны 231 болгон, алар Тажикстандын ар кайсы аймагынан келген. Компания аларды виза менен камсыздарын, Чехиядагы автоунаа заводунун жатаканасынан орун берилерин, ай сайын 1300 доллар маяна төлөнөрүн убада кылган. Кайрылгандардын баары адистиги жана иш тажрыйбасына карабай тизмеге киргизилген.
Августта Тажикстандын коррупция менен күрөшүү жана каржы көзөмөлү агенттиги чех жараны Вацлав Скохоутилге эл аралык издөө жарыялаган. Ал ар бир кардар менен Интернет аркылуу байланышып, бардык маселе жакын арада чечилет деп жооткотуп, иш берүүчү заводдун, жатаканалардын сүрөттөрүн жиберип турган.