Ссылки доступа

Өзбекстанда көп аялдуулукка айыпталган киши соттолду


Бухара облусунун Гиждуван районунун жашоочусу “көп аялдуулук” үчүн бир жылга эркинен ажырыталды.

Өзбек басылмалары билдиргендей, соттолгон киши расмий никесине карабай, 2016-жылы экинчи жолу үйлөнгөн. Ал аялы ооруп калып, уул төрөп бере албагандыктан ушундай кадамга барганын айткан.

2018-жылы экинчи аялы уул төрөгөн. Сот жараяны учурунда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган. Бирок экинчи ирет никеге турганына карабай, биринчи үй-бүлөсүнө да жакшы шарт түзүп бергенин, эки кызын багып келгенин белгилеген.

Өзбекстандын Кылмыш кодексинин “Көп аялдуулук” беренесине ылайык, сот аны бир жылга эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG