Ссылки доступа

Казакстанда «терроризмге үгүттөө» айыбы менен соттолгондор түрмөгө которулду


Казакстанда «терроризмди пропагандалоо» жана «кастыкты козутуу» иши боюнча соттолгон сегиз адам түрмөгө которулду. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, соттолгондор Чымкент шаарындагы жана Алматы, Актөбө, Кызылордо, Караганды жана Түндүк Казакстан облустарындагы абактарга жетирилди.

Алардын туугандары сот өкүмү 20-ноябрда күчүнө кирерин жана соттолуучуларды абактарга мөөнөтүнөн мурда жеткирүү мыйзамсыз экенин билдиришүүдө.

Алматыдагы тергөө абагынын өкүлдөрү соттолгондор түрмөлөргө жөнөтүлгөнүн ырастап, бирок анын мыйзамдуулугу тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты.

5-августта Алматынын Алмалы райондук соту «терроризмге үгүттөө», «диний кастыкты козутуу» айыбы менен Болатбек Нургалиевди сегиз, Ернар Саматов менен Бекет Мынбасовду жети жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары «кастыкты козутууга» айыпталган Азамат Умбеталиев, Жасулан Искаков, Самат Адилов, Назим Абдрахманов жана Есим Сулейменов беш жылдан соттолушкан.​ 20-ноябрда Алматы шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Иштин материалдарына ылайык, Болатбек Нургалиев «терроризм жана салафизм идеясын пропагандалоо жана бул агымдын жактоочуларын көбөйтүү» максатында WhatsApp мессенджеринде топ ачып, ага «тилектештерин» кошкон. Өкүмгө ылайык, алар анда «диний темаларды талкуулап, терроризмди пропагандалоо менен диний кастыкты козутушкан».

Августта казакстандык укук коргоочулар соттолгон сегиз адамды диний себептерден улам куугунтукталгандардын тизмесине киргизишкен.​

XS
SM
MD
LG