Анын айтымында, программадагы негизги майрамдык иш-чаралардын бири Ташкентте «Жеңиш» паркынын ачылышы болот. Анда чыныгы окоптор менен блиндаждар жасалып, согуш жылдарындагы аскердик техникалар коюлат.
«Жеңиш» паркы быйыл жайында президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен Жеңиштин 75 жылдыгына карата курула баштаган.