Ссылки доступа

Түркмөнстанда «Википедияга» бөгөт коюлду


Гурбангулы Бердымухамедов
Гурбангулы Бердымухамедов

Түркмөнстанда «Википедияга» бөгөт коюлду. Бул тууралуу Tukmen.News басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, буга «Википедиядагы» өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу макалага жаңы маалыматтардын кошулгандыгы себеп болгон.

5-ноябрда түркмөн лидери тууралуу макалага «Инсан жана көз караштары» деген бөлүм кошулуп, АКШнын Ашхабаддагы элчилик кызматкерлеринин өз ара жазышуулары жайгаштырылган.

Дээрлик он жыл мурда WikiLeaks сайты тарабынан жарыяланган жазышууларда америкалык дипломаттар Бердымухамедовду «менменсинген, кекчил, өтө консервативдүү, жалганчы жана өзүнөн акылдууларды жактырбаган» адам катары сыпатташкан.

Alexa аналитикалык сайтынын маалыматына ылайык, Википедия Түркмөнстанда колдонуучулар эң көп кирген сайттардын бири болуп эсептелет. Бул өлкөдө көз карандысыз маалымат булактарынын көбүнө бөгөт коюлган. Алардын ичинде «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын сайты дагы бар. Мындан тышкары Түркмөнстанда бардык социалдык түйүндөрдүн сайттары, файлдар менен алмашуу сервистери жана мессенджерлер бөгөттөлгөн.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму жарыялаган дүйнөдөгү сөз эркиндигинин рейтингинде Түркмөнстан быйыл эң акыркы, 180-орунга жайгашкан. Сөз эркиндигине байкоо салган эл аралык уюмдар Бердымухамедовдун өзүн «интернеттин душманы» деп атап келишет.

XS
SM
MD
LG