Маалыматка караганда, прокурор ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Фарход Нурхоновду 23 жылга, анын кол алдында иштеген кызматкерлер Аваз Сабзаевди, Умед Ваххобовду жана Икромиддин Ахлиддинди 15 жылдан соттоону өтүндү. Алар «Кыйноого алуу» жана «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренелери боюнча айыпталып жатышат.
Фарход Нурхоновдун адвокаты Абдукарим Абдулхамидов айыптоолор менен макул эмес экенин жана 26-ноябрдагы отурумда алардын күнөөсүз экенин далилдеп бере турганын айтты. Буга чейин айыптоочулар ишиндеги айрым катачылыктарды мойундарына алып, бирок кармалгандарды кыйноого алуу фактыларын четке кагышкан.
Тергөөнүн маалыматына караганда, быйыл жыл башында алар Душанбенин тургуну Хамза Солеховду маңзат сатуу айыбы менен кармап, электр тогу менен кыйноого алышкан.