Ссылки доступа

Өзбекстанда ишкерлер салыкты алдын ала төлөөгө милдеттендирилди


Ташкент шаары менен Анжиян облустарында жеке ишкерлерден салыктын бир катар түрүн, анын ичинде киреше салыгын алдын ала төлөө талап кылынууда.

– Салыкчылар бардык салыкты аванс менен төлөөнү суроодо. Муну алар мамлекеттик бюджетте “тешик” пайда болгону менен түшүндүрүшүүдө, – деди атын атагысы келбеген эки компаниянын өкүлдөрү.

Алар түшкөн кирешени бизнести өнүктүрүүгө жумшоо пайдалуу экенин, салыкты алдын ала төлөө буга тоскоолдук жаратарын белилешүүдө.

Анжиняндык ишкерлердин бири салыкчылар банктык эсебиндеги акчасын анын макулдугусуз чыгартып алганын да ырастады.

Өзбекстан Салык комитетинин өкүлү болсо ишкерлер өз каалоосу менен киреше салыгын алдын ала төлөп жатканын айтты.

Бирок инспекторлордун бири салык боюнча ишкерлерге басым көрсөтүлүп жатканын тастыктады: – Бизге планды толтурууга буйрук берилген. Жыл аяктап баратат, эгер планды толтура албасак, башыбыз кетет. Былтыр президент мамлекеттик бюджетти төгүмдөр менен өз убагында камсыздай албаган аткаминерлерди кандай жазалаганын билесиздерби? Ошондуктан биз юридикалык жактарга барып, салыкты алдын ала төлөөнү суранып жатабыз, – деди ал.

Быйыл 4-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент шаары менен Шайхантахур районунун салык инспекция башчыларын катуу сынга алган. Анын эртеси эле аталган райондун 133 кызматкери жумуштан алынып, айрым жетекчилерге кылмыш иши козголгон. Самарканд жана Анжияндын бир катар райондорунун салык инспекцияларынын башчылары да иштен кол жууп, 13 миң салыкчы аттестация тапшырган.

XS
SM
MD
LG