24-ноябрда басылмалар Москванын Ефремов көчөсүндө ондогон мигранттын катышуусунда мушташ болгонун кабарлашкан.
Орусиянын Ички иштер министрлиги кармалгандар кайсыл өлкөнүн жарандары экендиги тууралуу эч кандай маалымат берген жок. Бирок РБК басылмасы өз булактарына таянып, алар Өзбекстандын жана Кыргызстандын жарандары болгонун жазган.
Маалыматтарга караганда, көчө шыпыруучулар футбол оюну маалында чырдашып кетип, ортодо мушташ чыккан.
Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Кармалган мигранттарга карата «майда бейбаштык» боюнча административдик протокол түзүлдү.