Өз стейки менен белгилүү болгон Нусрет Гёкче Ташкенттеги сапары тууралуу “Инстаграмдагы” баракчасына видео жана сүрөттөрдү жайгаштырды. Ал Мирзиёевдин уулу Алишер жана небереси Миромон менен кучакташып түшкөн сүрөттөрү менен да бөлүшкөн.
Нусрет Гёкче Ташкентке келгендин эртеси, 24-ноябрда Шавкат Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсуновдун туулган күнүн белгилеген. Өзбек өкмөтүндө иштеген аткаминерлер ашпозчу дал ушул күндүн урматына чакырылганын тастыкташты.
36 жаштагы Гекченин Түркия, Дубай, Абу-Даби, Майами жана Нью-Йоркто Nusr-Et бренди менен стейк жана бургер түйүндөрү бар. Ал белгилүү футболчулардын, киножылдыздардын, миллиардерлердин, ханзаадалардын жана президенттердин катышуусундагы кечелерге көп чакырылат.
2018-жылы Венесуэланын президенти Николас Мадуро Кытайдан келатып Стамбулга токтоп, атактуу ашпозчунун колунан тамактанып кеткен. Бул калкынын көбү кедей венесуэлалыктардын нааразылыгын жараткан.