Ссылки доступа

Москвада спортчунун өлүмүнө шектелген тажик жарандары соттолууда


Москвада грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери Сергей Чуевдин өлүмүнө шектелип кармалган тажик жарандарынын туугандары иштин создуктурулуп жатышына тынчсызданууларын билдиришүүдө.

Айыпталуучулардын бири Рустам Аминовдун агасы Равшан Акрамовдун айтымында, алар жакында эле соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарын алышкан.

— Соттук-медициналык эксперттер иним менен башка кармалгандардын пайдасына чечим чыгарыптыр. Ага ылайык, Чуев ур-токмоктон эмес, сууга чөгүп өлгөн», — деди ал.

Окуя быйыл 8-июнда Москванын Түштүк Бутов аймагында болгон. Орусиялык ЖМКлар 34 жаштагы Сергей Чуев Москвада кош бойлуу келинди бейбаштардан коргоо маалында өлтүрүлгөнүн кабарлашкан. Бирок бул версияны окуяга күбө болгон адамдар четке кагышкан. Алар мушташты Сергей Чуев өзү баштаганын айтышкан. Спортчу сууга кулап кеткенде ага эч ким жардам берген эмес.

Чуевдин өлүмүнө шектүү катары Тажикстандын алты жараны кармалып, аларга каршы «Топ адамдын катышуусунда адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 10-июнда Москванын Черемушкин райондук соту шектүүлөрдү камакка алуу чечимин чыгарган.

Ал ортодо кармалган тажик жарандарынын туугандары кызыкдар тараптар соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарын өзгөртүп коюшу мүмкүн деген тынчсызданууларын билдиришүүдө.

Чуевдин өлүмү боюнча иштин алкагында алгачкы сот отуруму 6-ноябрда өткөн. Адвокаттардын айтымында, соттук териштирүү кийинки жылы февралда аяктайт.

XS
SM
MD
LG