Ссылки доступа

Трамп импичмент иши боюнча угууларга чакырылды


АКШда Өкүлдөр палатасынын Юридика комитетинде кийинки аптада президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси боюнча угуулар башталат.

Шаршемби күнү комитеттин башчысы Жеррольд Надлер Ак үйгө кат жөнөтүп, Трампты 4-декабрга белгиленген угууларга катышууга чакырды. Президент бул чакырууну кабыл алып, өзү же ыйгарым укуктуу юристин жибериши мүмкүн.

Катта жазылгандай, отурумда Трампка импичмент жарыялоого конституциялык негиз бар-жоктугу талкууланат. Бул үчүн Конгресске конституциялык укук боюнча юристтер менен эксперттер чакырылган.

Азырынча Трамп Конгресстин бул чакыруусу боюнча пикирин билдире элек. Буга чейин президент импичмент иши боюнча тергөөнү сынга алып келген.

Иликтөө материалдарынын Юридика комитетине берилиши — импичмент иши боюнча териштирүү аяктап калганынан кабар берет. Эми комитет топтолгон далилдерге баа берип, эгер Трамп кызматтан алынууга татыктуу деп тапса, импичмент беренесин даярдайт. Андан соң Өкүлдөр палатасына добуш берүүгө алып чыгат.

Трамп 2020-жылы өтө турган шайлоодогу ыктымал атаандашы Жо Байденге зыян келтирүү үчүн Украинанын жетекчилигине басым жасаган деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG