Маалыматка караганда, тажикстандыктар «Интернет аркылуу террордук ишмердүүлүккө үгүттөө» беренеси менен айыпталууда. Аларга төрт жылга чейин эркинен ажыратуу же 300 миң рубль өлчөмүндө айып пул төлөө жазасы берилиши мүмкүн.
27-ноябрда Орусиянын Иркутск шаарында дагы бир тажик жараны камакка алынды. Азырынча анын аты-жөнү айтыла элек. Ал «Террордук ишмердүүлүккө көмөктөшүү», «Мыйзамсыз курал сактоо», «Опузалап акча талап кылуу», «Денеге атайылап зыян келтирүү» жана «Адам уурдоо» беренелери менен айыпталууда.
Тергөөнүн версиясына ылайык, айыпталуучу көп жылдан бери «Ислам мамлекети» террордук тобунун активдүү тарапташы болуп, тааныштарын Сириянын аймагындагы согушка катышууга, тажрыйба топтогондон кийин келип теракт жасоого көндүрүүгө аракет кылып жүргөн.