Ссылки доступа

Дональд Трамп Гонконгдо адам укуктарын жана демократияны коргоо жөнүндө мыйзамга кол койду


АКШ президенти Дональд Трамп Гонконгдогу адам укуктарынын бузулушуна жоопкерчиликтүү бир катар Кытай жана Гонконг аткаминерлерине карата санкция киргизүүнү шарттаган мыйзам долбооруна кол койду.

Гонконгдогу демократия жана адам укуктары актысына ылайык, АКШ администрациясы нааразылыктарды басууга катышы бар аткаминерлерге санкция киргизиши керек.

Мындан тышкары дагы бир мыйзам менен Гонконгго полиция жабдууларын жана техникаларын экспорттоого тыюу салынды. Документ америкалык каражаттардын жардамы менен демонстранттарды кууп таратууга жол бербөөгө багытталган.

Ал ортодо Кытай ТИМи бул мыйзамдар менен Кошмо Штаттар Гонконгдун жана Кытайдын ички ишине олуттуу түрдө кийлигишип, эл аралык мамилелер тууралуу негизги нормаларды бузуп жатканын билдирди.

Бул мыйзамдар өткөн жумада Конгресстин эки палатасында тең колдоо тапкан.

Гонконгдогу толкундоо дээрлик жарым жылдан бери уланып келатат.

Гонконгдо миңдеген адамдарды көчөгө чыгарган нааразылыкка «кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору сунушталганы» негиз болгон.

Шаардын жетекчилиги кийинчерээк документти парламенттен биротоло кайтарып алган. Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган «күн карама» жетекчилердин иштен кетишин, калайман нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлери жазаланышын талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG