Ссылки доступа

Казакстан президенти кызматкери пара менен кармалган жетекчини жоопко тарта турган мыйзамга кол койду


Казакстан президенти Токаев мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, аткаминер, анын ичинде министр, губернатор жана акимдер кол алдында иштеген кызматкерлеринин жемкор иштери үчүн жооптуу болот.

Антикоррупциялык кызматтын орун басары Олжас Бектенов түшүндүргөндөй, эми бардык малекеттик кызматкерлер, тактап айтканда министр жана алардын орун басарлары, акимдер (губернаторлор) жана алардын орун басарлары эгер кол алдындагылар коррупциялык иштерди жасаса жана сот тарабынан күнөөсү аныкталса, 10 күндүн ичине отставкага кетүүгө милдеттүү болушат.

Казакстандын Коррупцияга каршы улуттук бюросунун маалыматына караганда, 2018-жылы өлкөдө 1778 коррупциялык кылмыш жасалган, жалпысынан 1096 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылган.

Transparency International укук коргоо уюму Казакстанда жемкорлуктун деңгээли жогору экенин белгилеп, “кызыл зонага” жайгаштырган.

XS
SM
MD
LG