Ссылки доступа

Түркмөнстан президенти Өзбекстанда ардактуу академик наамын алды


Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстан Илимдер академиясынын ардактуу академиги наамын алды.

Түркмөнстан мамлекеттик басылмалары билдиргендей, наам ыйгаруу аземи 28-ноябрда Ташкентте өттү.

«Мен муну Түркмөнстанга көрсөтүлгөн сый-урмат, биздин өлкөнүн билим берүү жана илим тармагындагы жетишкендиктерин таануу жана эки өлкөнүн достугунун бекемделиши катары кабыл алам», – деди президент Гурбангулы Бердымухамедов.

Түркмөнстан президенти Өзбекстанга эки күндүк жумуш сапары менен келген. Анын алкагында Өзбекстан жана Түркмөнстан президенттеринин жолугушуусу өттү.

XS
SM
MD
LG