«Алардын энелери соттолуп, террористтик аракетке катышы болгону үчүн түрмөдө жазасын өтөп жатат», деп айтылат ТИМдин маалыматында. Бул гуманитардык акция балдардын энелеринин жана алардын тууган-туушкандарынын өтүнүчү менен жүзөгө ашырылган.
«Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун Жакынкы Чыгыштагы түйүндөрүнүн көбү талкалангандан бери Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлер менен түрмөлөрдө экстремисттик топтун 10 миңге чукул мүчөлөрү жана алардын үй-бүлөсү кармалып турганы кабарланып келет.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан жыл башынан бери «Жусан-1» жана «Жусан-2» операцияларынын алкагында Сирия жана Ирактагы согуш аймактарынан 600 жаранын кайра артка кайтарып келген. Алардын үчтөн экиси балдар. Кайтарылгандардын арасынан бир тобу териштирүү иштеринен кийин сот жообуна тартылды.
Өзбекстан быйыл 30-майда «Жакшылык» деген гуманитардык операциянын алкагында Жакынкы Чыгыштагы жаңжал жүргөн аймактардан 156 кишисин мекенине алып келди. 11-октябрда да Ирактан өзбекстандык 64 бала, арасында эки ымыркай Ташкентке кайтарылган.
Тажикстан болсо быйыл 30-апрелде Ирактан 84 баланы артка кайтарган. Көбүнүн энелери «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү катары соттолуп Иракта жазасын өтөп жатышат. Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы уруш аймактарынан өз жарандарын алып чыга элек.