Ссылки доступа

Өзбекстанда сот блогер Оллашукурованы психиатриялык ооруканада калтырды


27-ноябрда Хорезм облусундагы жарандык иштер боюнча сот блогер Нафосат Оллашукурованы психиатриялык ооруканадан чыгаруу тууралуу адвокаттын өтүнүчүн четке какты.

— Сот үч дарыгерден турган комиссиянын 27-ноябрдагы корутундусуна таянып чечим чыгарды. Анда блогер дарылануусун улантышы керектиги жазылган, — деди адвокат.

Анын айтымында, соттун Хорезм облустук психоневрологиялык ооруканасында өткөн көчмө жыйынына Нафосат Оллашукурова дагы катышты. Ал бул чечим менен макул эмес экенин жана Жогорку сотко кайрыла турганын билдирди.

Быйыл сентябрда Үргөнч шаарынын административдик соту блогерди «бейбаштык кылган» жана «уруксат берилбеген акцияга катышкан» деп 10 күнгө кескен. Кийин ал психиатриялык ооруканага жаткырылган. Блогер хорезмдик акын, журналист Махмуд Ражабдын Ташкентке жөө жүрүшүн «Фейсбукта» чагылдырып жүргөн.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар Оллашукурованы колдогон билдирүүлөрдү жасап, өзбек бийлигин аны бошотууга чакырышкан.

Октябрдын аягында өлкөнүн акыйкатчысы башында турган атайын комиссиянын мүчөлөрү Хорезм облустук психоневрологиялык ооруканасына барып, блогер менен жолугуп чыгышкан. Анда комиссиянын курамындагы активист Оллашукурова бир нече жолу оорулуу эмес экенин кайталап, клиникадан чыгарууну өтүнгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG