Ссылки доступа

Тажикстанда ТВЕА компаниясы иштете турган кендердеги алтындын запасы 64 тоннага бааланды


Кытайдын ТВЕА компаниясы иштете турган Тажикстандын Согди облусундагы «Жогорку Кумарг» жана «Чыгыш Дуоба» кендеринде 64 тонна алтын бар. Бул тууралуу Тажикстандын өнөр-жай жана жаңы технологиялар министри Бахтиёр Шарифи парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында билдирди.

— Союз маалындагы алгачкы геологиялык чалгындоонун жыйынтыгында бул кендердеги алтындын запасы 51,7 тонна деп бааланган. Акыркы жети жылдан бери кенди иштетип келген ишканалар алтындын запасы 64 тонна экенин аныкташты. Алдыда дагы изилдене элек запастарды эске алганда, алтындын жалпы запасы 100 тоннага жетиши мүмкүн», — деди министр.

Анын айтымында, ТВЕА жыл соңуна чейин кенди иштете баштап, жылына эки жарым тоннага чейин алтын алууга ниеттенүүдө.

2016-жылы ТВЕА компаниясы Душанбе шаарындагы 400 МВт кубаттуулуктагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) куруп бүткөргөн. Ага жалпысынан 349 миллион доллар жумшалган. Бул каражаттын 331,5 миллионун Кытайдын Эксимбанкы насыя катары берген. Ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, ТВЕА ЖЭБдин курулушуна жумшалган каражаттын ордун толтурганга чейин «Чыгыш Дуоба» жана «Жогорку Кумарг» алтын кендерин иштетүү укугуна ээ болгон.

Булар кытай инвесторлоруна берилген Тажикстандагы жалгыз алтын кендери эмес. Өлкөдөгү алтындын 80% ашыгын кытай-тажик биргелешкен компаниялар иштетишет.

XS
SM
MD
LG