Быйыл октябрда ал мамлекетке чыккынчылык кылуу айыбы менен 10 жылга соттолгон. Өкүмгө ылайык, Сыроежкин казак жарандыгынан ажыратылган. Мындан тышкары камактагы мөөнөтү аяктагандан кийин ал өлкөдөн чыгарылып, Казакстанга кирүүсүнө беш жылга тыюу салынган.
Июнь айында Wall Street Journal (WSJ) басылмасы өз булактарына таянып, «Сыроежкин акча үчүн Кытайга жашыруун маалыматтарды берген болушу мүмкүндүгүн» жазган.
Кытай боюнча алдыңкы адистердин бири катары эсептелген 63 жаштагы Константин Сыроежкин быйыл май айында камакка алынган. 2006-жылдан бери Казакстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун башкы илимий кызматкери болуп иштеген.