Ссылки доступа

Кытайлык дипломат «Талко» заводу тажик-кытай ишканасына айланарын айтты


Юе Бин

Кытайдын Тажикстандагы мурдагы элчиси Юе Бин «Талко» алюминий заводун жаңылап, аны заманбап тажик-кытай ишканасы катары түзүү үчүн Бээжин жарым миллиард доллар жумшаганын билдирди.

Стратегиялык иликтөөлөр борборундагы эксперттердин жолугушуусунда дипломат Тажикстандагы кендер кытай тарапка өз ара пайдалуу негизде берилиши керек деген шартты колдоду.

Бул арада тажик бийлиги «Талкого» байланыштуу келишимдин деталдарын ачыкка чыгара элек. Өкмөт кытай тараптын 545 миллион доллар инвестициясы ишкананы жакшыртууга, өндүрүш чыгымдарын азайтууга жана кирешени көбөйтүүгө багытталганын гана белгилеп келет.

Кытайдын Тажикстандагы мурдагы элчиси Юе Бин келечекте «Талко» тажик-кытай бирегелешкен ишканасына айланарын айтты.

– Менимче, жаңы жумуш орундарын түзүүдө, өндүрүш кубатын жана продукциянын көлөмүн көбөйтүүдө, сатууда жана Тажикстан бюджетинин салык кирешелеринин арбышында биргелешкен ишкана эки тарапка тең пайда алып келет. Башкача айтканда, бул долбоордон Кытай эле эмес Тажикстан да утушка ээ болот, – деди мурдагы элчи.

Бирок дипломат акциялардын басымдуу бөлүгү кайсы тарапта болору тууралуу сөз кылган жок.

Буга чейин алюминий ишканасынын жетекчилигине жакын булак «Азаттыктын» тажик кызматына берген маегинде «Талкону» тажик-кытай ишканасы катары кайра түзүү ыктымалдуулугун четке каккан. Учурда компания менеджерлери келишим тууралуу маалымат беришпейт. Болгону Кытай өз каражатына «Талкодо» эки жаңы цех курары айтылууда.

«Талко» заводу союз учурунда эле (ал кезде - ТадАЗ) негизги өндүрүш булагы болгон, 90-жылдарга чейин өлкө бюджетинин 45% камсыздаган.

Видео

XS
SM
MD
LG