Ссылки доступа

Самаркандда мектеп директорунун орун басары окуучуну экинчи кабаттан түртүп жиберүүгө шектелүүдө (видео)


Сухроб Каршибоев
Сухроб Каршибоев

Самарканд облусунун Иштихан районунда 10-класстын окуучусу мектеп директорунун орун басары аны экинчи кабаттан түртүп жибергенин билдирүүдө.

2019-жылы 28-декабрда 10-класстын окуучусу Сухроб Каршибоев оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал мектеп директорунун орун басары тарабынан сабалганын айткан.

Маалыматка караганда, ал күнү мектептин ичинде кимдир бирөө петарда жардырып жиберген. Мектептин директору Адхам Рузиев бул үчүн Сухроб Каршибоевди күнөөлөп, анын иш бөлмөсүнө алып барып сабап, экинчи кабаттын терезесинен түртүп жибергени айтылууда.

Мектеп жетекчилиги айыптоолорду четке кагып, окуучу өзү терезеден секирүүгө аракет жасаганын билдирүүдө. Бул окуя боюнча укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады.

XS
SM
MD
LG