Эгер сот октябрдан бери камакта жаткан шинжаңдык казактарды күнөөлүү деп тапса, алар бир жылга эркинен ажыратылып, өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн.
Күн мурун полиция кызматкерлери Семейден Зайсан шаарына бараткан активисттер тобун токтотуп, алардын унаасы камакта экенин айтып түнгө чейин кармап турушкан. Активисттердин айтымында, мындай жол менен полиция аларды сотко катыштырбоого аракет кылган.
30 жаштагы Кастер Мусакан менен 25 жаштагы Мурагер Алимулы Шинжаңдан чыгып, 1-октябрда Кытай чек арасынан өткөнүн айтышкан. Камакка алынганга чейин Алматыда өткөн басма сөз жыйынында Кастер «саясий тарбиялоочу лагерде камакта отуруп чыкканын», ал эми Мурагер ошол эле лагерде «кыйноого кабылганын» айткан. Алар Казакстандан башкалка сурап, Кытайдагы үй-бүлөсүн куугунтуктан коргоону өтүнүшкөн. Бирок 20-октябрда Зайсандагы сот экөөнү тең камакка алуу чечимин чыгарган.
12-декабрда Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин Мусаханулы менен Алимулыны Кытайга өткөрүп бербөөгө чакырган.