Ссылки доступа

Трамп Иракка каршы санкция киргизилиши мүмкүндүгүн эскертти


АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Багдад америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгарса, Иракка каршы олуттуу санкциялар киргизиле тургандыгын эскертти. Бул тууралуу ал 6-январда журналисттерге билдирди.

Трамптын айтымында, Ирак АКШ курган авиабаза үчүн акча төлөп бермейинче, америкалык аскерлер бул өлкөдөн чыгарылбайт. — Курулуш иштерине миллиарддаган доллар жумшалган. Алар бул акчаны төлөп бермейинче биз чыкпайбыз, — деди Трамп.

5-январда Ирактын парламенти чет өлкөлүк аскерлерди өлкөдөн чыгарууга багытталган резолюция кабыл алган. Буга Багдаддагы эл аралык аэропорттун жанында Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулейманинин өлтүрүлгөнү негиз болгон.

Мындан тышкары мыйзам чыгаруучулар Ирактын аба жана суу мейкиндиктеринин чет өлкөлүктөр тарабынан колдонулушуна тыюу салуу чараларын кабыл алуу өтүнүчү менен өкмөткө кайрылган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Ирак өкмөтүн бул чечим боюнча кайрадан ойлонуп көрүүгө чакырып, эки өлкөнүн «Ислам мамлекети» тобуна каршы күрөшүүдөгү өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеген. Тараптарды бул багытта кызматташууну улантууга Германия, Франция жана Улуу Британиянын лидердери да үндөштү.

Учурда Иракта 5 миң америкалык аскер кызматкери бар.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында аба соккусунан мерт болгон. Анда таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулганы айтылган. Иран генералдын өлүмү үчүн АКШдан өч алууну убадалаган. Ишемби күнү Кошмо Штаттар аймакка кошумча дагы үч миңге жакын аскер кызматкерин жөнөтүү чечимин кабыл алган.

XS
SM
MD
LG