Ссылки доступа

Өзбекстанда Гүлнара Каримованын иши боюнча тергөө аяктады


 Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

Өзбекстанда туңгуч президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага каршы козголгон жаңы кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, айыптоо корутундусу жазылган кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди.

Гүлнара Каримова 2015-жылы опузалап акча талап кылуу жана салыктан качуу айыптары менен камакка алынган. 2017-жылы он жылга соттолуп, бирок беш жыл кызынын Ташкенттеги үйүнөн чыкпоо шарты менен үй камагына бошотулган.

2019-жылы марттын башында үй камагындагы бир катар шарттарды аткарбагандыгы үчүн Ташкент облусунун Зангиата районундагы аялдар абагына которулган. Августта ага каршы бюджеттик каражатты уурдоого жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзүүгө байланышкан жаңы кылмыш иши козголгон. Анда Башкы прокуратура келтирилген чыгымдын суммасын 165 миллион доллар жана 85 миллиард сум (9 миллион долларга жакын) деп баалаган.

XS
SM
MD
LG