Ссылки доступа

Казакстанда «терроризмге үгүттөөгө» айыпталган адам жети жылга соттолду


Жулдызбек Таурбеков менен апасы Асемгүл Жаугашева
Жулдызбек Таурбеков менен апасы Асемгүл Жаугашева

Казакстанда «терроризмге үгүттөө» жана «кастыкты козутуу» беренелери боюнча айыпталып жаткан 41 жаштагы Жулдызбек Таурбеков жети жылга эркинен ажыратылды. Ал жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өткөрөт.

Ишти караган Алматынын Алмалык райондук сотунун судьясы Кайрат Иманкуловдун айтымында, өкүм күчүнө киргенден кийин Таурбеков ден соолугуна байланыштуу эркиндикке чыгаруу боюнча өтүнүч кат жазса болот. Тергөө маалында айыпталуучунун жүрөгү кармап, эки жолу ооруканага жатып чыккан.

Иштин материалдарына ылайык, Казакстандын ар кайсыл аймагында жашаган тогуз адам, анын ичинде Жулдызбек Таурбеков WhatsApp мессенджери аркылуу «диний темаларды талкуулап, терроризмге үгүттөгөн жана диний кастыкты козуткан билдирүүлөрдү жазышкан». Алардын сегизи былтыр августта узак мөөнөттөргө соттолгон.

Акыркы сөзүндө Таурбеков айыптоо менен макул эмес экенин билдирди.

2019-жылы августта казакстандык укук коргоочулар бул иш боюнча айыпталып жаткандарды «дини үчүн куугунтукка алынган адамдардын» тизмесине кошкон.

XS
SM
MD
LG