Ссылки доступа

Ирандык генералдын өлүмүнөн кийин мунай менен алтын кымбаттады


Ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмүнөн кийин башталган Жакынкы Чыгыштагы туруксуздукка байланыштуу мунай менен алтындын баасы жогорулады. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, алтын акыркы алты жылдан берки эң жогорку чекке көтөрүлүп, унциясы 1,576.85 долларга жетсе, Brent үлгүсүндөгү мунайдын беррели 70 доллардан ашты. Мындан тышкары АКШнын 10 жылдык баалуу кагаздарынын кирешелүүлүгү 1,77 пайызга жогорулап, инвесторлордун аларга карата кызыгуусу күчөгөнү байкалган.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында АКШнын аба соккусунан мерт болгон. Пентагон генерал Ирактагы америкалык дипломаттар менен аскер кызматкерлерине кол салуу планынын үстүнөн иштеп жүргөнүн билдирген.

Бул окуя Жакынкы Чыгыштагы абалды курчутту. 5-январда Ирактын парламенти чет өлкөлүк аскерлерди өлкөдөн чыгарууга багытталган резолюция кабыл алган. Ирандын президенти Хасан Роухани чабуулду «террористтик акты» деп атап, Тегеран АКШдан өч аларын убадалаган.

XS
SM
MD
LG