Ссылки доступа

АКШ Ирактагы аскерлери орун которуштурары жөнүндө Багдадга маалымат берди


АКШ Ирактагы аскерлери орун которуштура тургандыгы жөнүндө Багдадга маалымат берди. Бул тууралуу CNN телеканалына Кошмо Штаттардын абал менен жакындан тааныш расмий өкүлү билдирди.

Анын айтымында, кеп аскерлердин бир эле аймакта бир жерден экинчи жерге көчүрүлүшү жөнүндө болууда. Ал мындай маалымат берүү адаттагы жол-жобо экенин белгиледи.

— Алсак, бүгүн кечинде биз көп сандаган тик учактар менен Багдаддын аймагында учууга даярдандык жана бул биздин Ирак өкмөтү бекиткен мыйзамдардын алкагында иш алып баргандыгыбызды көрсөтүүдө, — деди расмий өкүл.

Ал ортодо Reuters агенттиги америкалык командачылыктын өкүлүнө таандык делинген катка шилтеме кылып, АКШ башында турган коалициянын «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы согуш жүргүзүп жаткан аскерлери жакында Ирактан чыгарыла турганын жазды.

Бирок эфирде каттан үзүндү окуган CNN кызматкерлери анын аягына эч кимдин колу коюлбаганын билдиришкен.

Бир канча мүнөттөн кийин ЖМКлар ал каттын жалган экенин кабарлашты.

XS
SM
MD
LG