Ссылки доступа

Чыгыш Казакстанда жер алдында калган кенчи куткарылды

Чыгыш Казакстан облусундагы Риддер-Сокольный кенинде жер көчкүнүн алдында калган жумушчу куткарылды. Окуя 5-январда болгон. Бул тууралуу «Казцинк» компаниясы кабарлады.

Маалыматка караганда, жер алдында бургулоо иштерин аткарып жүргөн жумушчу жер көчкөн кезде сыртка чыга албай камалып калган. 6-январь күнү гана аны менен болгон байланыш калыбына келтирилип, 7-январда куткарылган.

Жумушчунун абалы туруктуу, ал дарылануу үчүн ооруканага жаткырылды.

Компания кендеги окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн кошумчалады.

«Казцинк» – Казакстанда цинк, коргошун, жез жана башка баалуу металлдарды өндүргөн компания. Чыгыш Казакстан, Караганды, Акмоло облустарында бөлүмдөрү бар. «Казцинктин» башкы инвестору катары швейцариялык Glencore International Ag компаниясы көрсөтүлгөн.

​
XS
SM
MD
LG