Ыкчам тергөө топ окуя болгон Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын барып, 1983-жылы туулган С.Ж аттуу жарандын жансыз денесине сыртынан кароо жүргүзгөн учурда өлүктүн оң көзү жана чыкыйы көгөрүп калганын байкашкан.
Бул окуяга байланыштуу шектүү катары маркумдун күйөөсү камакка алынды. Алгачкы териштирүүдө ал аялы менен уруша кеткендигин, эки жолу жаакка муштап, андан соң каракуш мээ тушка бир жолу тээп жибергендигин айткан.
Жубайлардын бир уул, бир кызы бар.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
3-январда Баткенде да 26 жаштагы үч балалуу келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон.