Ссылки доступа

Орусиядагы жол кырсыгында жети тажикстандык жабыркады


Орусиянын Тюмен облусунда автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, жети тажикстандык жаран жабыркады.

Жол кырсыгы 6-январда Тюмень-Ханты-Мантийск трассасында болгон. Тюмен облустук мамлекеттик автоинспекциясы кабарлагандай, жүк ташуучу унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза тапкан, автобустагы 30 жүргүнчүнүн жетөөсү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

36 жаштагы Очаниссо Зокированын абалы оор, ал жандандыруу бөлүмүндө.

Бул факт боюнча тергөө иштери башталды.

Авиабилеттин кымбаттыгынан соңку мезгилде көптөгөн мигранттар Орусияга автобус менен барышууда. 2018-жылы Орусиядан Тажикстанга 966 табыт жеткирилген, каза болгондордун арасында жол кырсыгына кабылгандар арбын.

XS
SM
MD
LG