Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө жашоочулар газдын баасынын кымбатташына нааразы


6-январда Жаңы-Өзөн шаарынынын айрым жашоочулары жана ишкерлер акимчиликтин алдына чогулуп, суюлтулган газдын баасынын кымбатташына нааразылык билдиришти.

Аймакта газдын бир литри 53-55 теңгеден 63-65 теңгеге (17 центтин тегереги) жогорулаган. Алар бийлик өкүлдөрүнөн бааны жөнгө салууну талап кылышты.

— Газ бизден бир чакырым алыс аралыкта өндүрүлөт. Бирок Актауда анын баасы 55 теңге, бизде эмне үчүн 65 теңге? – деп нааразы болду мунайчы Естай Карашаев.

«Казак газ өндүрүү заводунун» директору Накберген Тулепов газды ортомчулар сатып алып, жогору баада кайра сатып жатышканын билдирди.

Жаңы-Өзөн шаарынын акими Максат Ибагаров «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу ишкерлер менен жолугушуу болгонун, суюлтулган газдын литрин 55 теңгеден сатуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Мангистау облусунда суюлтулган газ чыгарган бир гана завод бар. Ал айына 14 миң тонна гана газ өндүрөт. Аймактагы калктын суроо-талабы 17 миң тонна.

2011-жылы Жаңы-Өзөндө мунайчылар эмгек шартын жакшыртуу талабы менен иш таштап, бийлик баш көтөргөндөрдү күч менен баскан. Полициянын огунан 17 киши өлгөн. Бул окуядан кийин газдын баасы 35 теңгеге чейин түшкөнү менен кийинчерээк кайра жогорулап кеткен.

XS
SM
MD
LG