Ымыркай Ахангаран шаардык балдар ооруканасына өткөрүлүп берилди.
Тергөө учурунда кармалган аял Ахангаран районунун тургуну экени жана ишсиз жүргөнү аныкталган. Ага карата “18 жашка жете элек кишини соодалоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул берене боюнча 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.