Ссылки доступа

Казакстанда Назарбаевди кол тийбестик макамдан ажыратууга чакырышууда


7-январда Казакстандын Орол шаарында активист Бекболат Утебаев акция өткөрдү. Ал колуна «Социалдык адилеттүүлүктү талап кылам» деген жазууну кармап, Назарбаевдин үй-бүлөсүн кол тийбестик макамынан ажыратууга чакырды.

- Назарбаев өзү жарыялаган 2020 программасын аткарган жок. Эми мен Назарбаевдин үй-бүлөсүнөн кол тийбестик макамын алып, социалдык кастыкты козуткандыгы үчүн аларды жоопкерчиликке тартууну талап кылам. Назарбаев бийликке келгенде өлкөдө совхоздор, колхоздор иштеп турган, бекер медицина, билим берүү бар болчу, ал мунун баарын кыйратты. Кыскасы, Назарбаев бизди 30 жыл алдап келди. Мен ар бир жаранды бул акцияны колдоп, автоунаасына ак тасма байлап коюуга чакырам, - деди Бекболат Утебаев.

Акция маалында Орол акимчилигинин кызматкери чыгып, активистке уруксатсыз акция өткөрүү үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти.

Бекболат Утебаев өткөн айда дагы «Социалдык адилеттүүлүктү талап кылам» деген жазуу менен жалгыз акция өткөргөн.

XS
SM
MD
LG