Жыл башында жарыяланган изилдөөгө ылайык, орусиялыктар кийим сатып алууга жылына 260 доллар, кыргызстандыктар 30-35 доллар, өзбекстандыктар 35-50 доллардан акча сарпташат.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, тажикстандыктардын кийимдери кыйла көп түрдүү болгону менен, өлкөнүн катардагы жашоочусу бул максатта аз акча коротот. Тажикстанда акыркы жылдары кийим-кече сатып алууга байланышкан чыгашалар азайган. Алсак, өлкө жарандары 2013-жылы кийим сатып алууга 39 доллардан, 2014-жылы 42 доллардан сарптап келишкен.
Изилдөөнүн авторлору бул багыттагы чыгашалардын азайышын эмгек мигранттары которгон акчанын кыскаргандыгы менен байланыштырышууда. 2013-жылы Орусиядагы тажик жарандары мекенине 4 миллиард доллар которсо, 2015-2016-жылдары бул көрсөткүч 1,5 миллиард долларга чейин төмөндөгөн.