Ссылки доступа

АКШнын Түркмөнстандагы элчилиги антиамерикалык пропагандага жооп кайтарды


АКШнын Ашхабаддагы элчилиги Түркмөнстанга окшош ойдон чыгарылган өлкө жөнүндө тартылган «6 Underground» фильмине байланыштуу Лебап облусунда жүрүп жаткан антиамерикалык пропаганда боюнча билдирдүү жасады.

Америка элчилигинин кыска билдирүүсүндө Кошмо Штаттар Түркмөнстан менен бекем жана үзүрлүү кызматташууну жактай тургандыгы айтылган.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы 7-январда бийлик өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, АКШга каршы пропаганда жүргүзүп жатканын маалымдаган. Спикерлер Американы «Түркмөнстандын душманы» деп аташкан.

Жергиликтүү бийлик жаңы фильмдин көмүскө прокатынын жайылышына каршы чара көрүп жаткан маалда тасманы көрүүнү каалагандардын катары көбөйүүдө.

Америкалык Netflix компаниясы тарабынан 13-декабрда жарык көргөн тасмада заманбап Түркмөнстанды элестеткен деталдар бар. Бюджети 150 миллион доллар турган фильм ойдон чыгарылган Тургистан аттуу өлкөнүн зулум диктаторун жок кылып, демокартия алып келүүгө аракет жасаган америкалык миллиардер жөнүндө тартылган.

Видео

XS
SM
MD
LG