Кезек өткөн айдын аягынан бери сакталууда.
Айдоочулар буга казак тараптын эл керектөөчү товарларды жүктөп, транзит менен бараткан автоунааларга электрондук пломба басуу тартиби себеп болгонун айтышууда.
Мамлекеттик Чек ара кызматы эки тараптын чек арачылары тарабынан жүктү жана жүргүнчүлөрдү өткөрүүгө атайын чектөө жоктугун, бирок Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитетинин электрондук пломбага байланышкан текшерүүлөрү чек арада оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгынын пайда кылганын билдирди.Өкмөт бул тууралуу комментарийди кечирээк бере турганы маалымдалды.
Кыргыз-казак чек арасында бир нече жолу автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилип, мындай жагдай эки өлкө ортосундагы мамилеге таасирин тийгизген учурлар болгон.