Күн мурун журналисттин жер-жерлерден келген талапкерлери бийликке кайрылып, “Сарыагаш инфо” гезитинин башкы редакторун бошотууну жана ага тагылган айыптоолорду алып салууну сурашкан.
Батырбеков “Жалаа жабуу” жана “Кемсинтүү” беренелери боюнча былтыр 23-сентябрда соттолгон. Сот аны Келес районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Абдиевдин ар-намысына шек келтирген пост жазгандыгы үчүн айыптаган. Журналист айыптоолорду чекте кагып, сын көз караштагы билдирүүсү үчүн куугунтукталып жатканын айткан.
“Чек арасыз кабарчылар” (RSF), “Журналисттерди коргоо комитети ” (Committee to Protect Journalists, CPJ) уюмдары казак бийлигин Амангелди Батырбековду тез арада бошотууга жана ишине тоскоолдук жаратпоого үндөшкөн.