Полиция Түркияда мыйзамсыз жүргөн жарандар тууралуу маалыматты Миграция боюнча мамлекеттик кызматтан алууда.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мигранттардын туугандарына мындан ары Түркияга баруу эрежелери катаалдай турганын эскертишүүдө.
Түркмөн бийлигинин Түркияда жүргөн мигранттарды кайтаруу боюнча кезектеги аракети түрк медиасында кылмышка шектелген түркмөнстандыктар тууралуу маалыматтар көп чыга баштаган маалга туш келди
Түркмөнстанда экономикалык оор абалга байланыштуу соңку жылдары тышкы миграциянын агымы күч алууда.