Ссылки доступа

Өкмөт башчы чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды


Мухаммедкалый Абылгазиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалга байланыштуу өлкөнүн күч түзүмдөрүн мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү боюнча тапшырма берди

Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, премьер-министр кырдаалды жөнгө салуу жана чыңалууну жоюу үчүн вице-премьер Жеңиш Разаковго эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары ортосундагы сүйлөшүү процессин күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле Абылгазиев кыргыз-тажик чек арасын такталганга чейин чагымга алдырбоо жана эл арасында түшүндүрүү маанилүү экенин белгилеген.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал болгонун ырастап, Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдады.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети себеп болгонун билдирген маалымат таратты.​

Видео

XS
SM
MD
LG