Ссылки доступа

Тажикстан жакынкы үч жылда Кытайдан карыз алууну пландаган жок


Тажикстандын Каржы министрлиги жакынкы үч жылда өлкө Кытайдан насыя албай турганын билдирди.

Муну менен мекеме башчысы Файзиддин Каххорзода “Тажикстандын Кытайга ири өлчөмдө карыз болушу – аны алсыз жана бул өлкөгө көз каранды кылат” деген америкалык изилдөөчүнүн бүтүмүнө жооп кайтарды.

Министр америкалык изилдөөчүнүн бүтүмү болгону эксперттик пикир экенин белгиледи. Анын айтымында, Тажикстан Кытайдан эле эмес, Евробиримдиктен жана АКШдан да карыз ала алат.

Америкалык окумуштуу, “Кытайдын насыя дипломатиясы” консепциясынын автору Сэм Паркер эгер Тажикстан Бээжинден ири өлчөмдө насыя алууну уланта берсе, өлкөнүн жаратылыш ресурстары Кытайдын колуна өтүп кетиши ыктымал экенин эскерткен.

Соңку маалыматтарга караганда, Душанбе Бээжинге 1,1 миллиард доллар бересе, бул Тажикстандын тышкы карызынын жарымын түзөт.

XS
SM
MD
LG