Ссылки доступа

Ташкентте мардикер аялдар үчүн борбор ачылды


Ташкент шаарынын Яшнабад районунда аял-мардикерлер үчүн жаңы борбор ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Борбордо арзан баада коомдук тамактануу жайы иштеп, жабдуулар убактылуу пайдаланууга берилет. Мындан тышкары эмгекти коргоо боюнча маалыматтарды алып турууга жана эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Эмгек министри Назима Хусанованын айтымында, борбордун кызматкерлери JobCafe мобилдик тиркемеси аркылуу аялдарга иш издөөдө жардам берет.

Министр быйыл Ташкент шаарында буга окшош алты борбор ачыларын айтты. Кийинчерээк Өзбекстандын башка аймактарында да бул сыяктуу борборлорду ишке киргизүү пландалууда.

XS
SM
MD
LG