Документти Сенаттагы 47 демократтан тышкары 8 республикачы колдоп, резолюция 55 добуш менен кабыл алынды.
Буга чейин Дональд Трамп республикачыларды бул документти колдобоого чакырган.
— Биздин коопсуздугубуз үчүн Иран боюнча аскердик ыйгарым укуктарым тууралуу резолюцияны колдобогонуңар өтө маанилүү. Азыр Иранга карата алсыздыгыбызды көрсөтүүчү мезгил эмес, — деп жазган Трамп «Твиттердеги» баракчасына.
Президент бул резолюцияга вето коет деп күтүлүүдө.
Өкүлдөр палатасы резолюцияны январда, ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмүнөн кийин Вашингтон менен Тегеран тирешип жаткан учурда кабыл алган. Демократтар АКШ менен Ирандын ортосунда ири масштабдагы согуштун тутануусун каалабай тургандыктарын билдиришүүдө. Республикачылардын көбү Сулейманиге каршы операция менен катар президенттин Иранга каршы күч колдонуу укугун да колдоп жатышат.