Ссылки доступа

«Mercy Corps» эл аралык уюму Өзбекстанга кайтып келди


Өзбекстандын Юстиция министрлиги 9-мартта эл аралык «Боорукерлик корпусу» («Mercy Corps») өкмөттүк эмес уюмунун өкүлчүлүгүн каттоодон өткөрдү.

Баш кеңсеси Кошмо Штаттарда жайгашкан уюмдун башкы максаты - Өзбекстандагы шаардык жана айылдык тургундардын жашоо шартын жакшыртыш үчүн мамлекеттик жана жеке менчик мекемелердин ортосундагы байланыштарды түзүү жана бекемдөө.

«Mercy Corps» уюму 2020-жылдан 2025-жылга чейин коңшу мамлекеттеги балдардын тамактануусуна байланыштуу долбоорду ишке ашырууну көздөп жатат. Аны АКШнын Айыл чарба министрлиги каржылайт.

Аталган уюм Өзбекстанда 1995-жылдан 2006-жылга чейин иш жүргүзгөн. 2005-жылы уюмга салык кызматынан кирешеси тууралуу маалыматты жашыргандыгы боюнча айып тагылган. Уюм бул иш боюнча сотто утуп чыкканына карабай, Ташкенттеги бөлүмү жабылып калган.

XS
SM
MD
LG