Ссылки доступа

Өзбекстанда жасалма диплом колдонгон мурдагы проректорго кылмыш иши козголду


Жасалма диплом колдонгондугу үчүн Самарканддагы «Жибек жолу» эл аралык туризм университетинин мурдагы проректору Азамат Акбаровго каршы кылмыш иши козголду.

43 жаштагы Акбаров быйыл 7-январда философия илимдеринин кандидаты деген дипломунун жасалма экендигине байланыштуу иштен алынган.

«Азамат Акбаров эч качан BURCH эл аралык университетинде билим алган эмес. Мындан тышкары университеттин дипломунун тышкы көрүнүшү Акбаров мырзаныкынан кыйла айырмаланып турат», — деп жазылган BURCH университетинин Өзбекстандын Жогорку аттестациялык комиссиясына жөнөткөн расмий катында.

Эгер Акбаров күнөөлүү деп табылса, элүү минималдык айлык өлчөмүндөгү айып пул салынып, же эки жылдык мөөнөткө коомдук жумуштарды аткарууга тартылып, же алты айдан эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG