Ссылки доступа

Казакстанда «тынч жыйындар» жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоору межилистин кароосуна жөнөтүлдү


Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев 12-мартта межилиске «тынч жыйындар» тууралуу мыйзам долбоорун тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору тогуз региондо тең талкууланган жана бардык сунуштар эске алынган.

Абаев талкуудан кийин мыйзам долбоору көп өзгөрүүгө дуушар болгонун, журналисттерге байланыштуу айрым беренелер кыскарганын айтты.

Министрдин билдиришинче, Казакстандын конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүүгө, бүтүндүгүн бүлүндүрүүгө чакырган же мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген; социалдык, расалык, улуттук, диний, этникалык ажырымды козуткан; коомдук тартипти бузган, адамдардын өмүрүнө коркунуч жараткан, транспорт жана инфраструктуранын ишине тоскоол болгон, экстремизм жана терроризм менен байланышы бар чет элдик уюмдар жана жарандар тарабынан каржыланган тынч жыйындарга тыюу салынат.– Коомдук аң-сезимди митинг өткөрүү маданиятына үйрөтүүгө мезгил жетти. Эл митингге чыгууну каалабайт, эгер кааласа, биз анда аларга мындай укукту беришибиз керек, – деди Абаев.

Министр жаңы мыйзам долбоорун межилистин жумушчу тобу талкууга алып, сунуштарды карап чыгарын кошумчалады.

Укук коргоочу Бахытжан Торегожина сунушталып жаткан мыйзам долбоору адам укуктарын бузарын билдирди. – Мен бул мыйзам долбооруна каршымын. Бул мыйзам тынч жыйындарга катышуу укугун жана сөз эркиндигин чектейт. Аны талкууга алгандар – митингдерге катышкан эмес. Анан алар кантип сунуш айтып, сындай алышат?, – деди укук коргоочу.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 20-декабрда Нур-Султан шаарында "Коомдук ишеним кеңеши" менен жолугушууда тынч жыйындар тууралуу мыйзамды жакшыртууга убада берген. Ал "митинг өткөрүү маданиятын коомчулуктун аң-сезимине сиңирүүгө мезгил жетти" деп айткан.

Февралда Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзам долбоорун сунуштаган. Юристтер документти карап чыккан соң, өкмөт жаңы мыйзам долбооруна олуттуу чектөөлөрдү киргизип жатканын айтышкан. Февралдын соңунда бийлик укук коргоочулардын жана активисттердин сын-пикирлери эске алынарын билдирген.

Ушул тапта казакстандыктар массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алышы керек. Бирок бийлик ар түрдүү шылтоолор менен митингдерди өткөрүүгө тыюу салып келет.

XS
SM
MD
LG