Кыргызстандык жарандын автоунаасын текшерүү учурунда кургатылган жемиштердин алдына катылган 95 миң 600 медициналык беткап табылды. Кармалган товардын жалпы наркы – 1 миллион 400 миң сом.
Мамлекеттик чек ара кызматы 3-февралда өкмөт алты айга чейин дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргызстандан тышка чыгарууга тыюу салганын белгиледи.
Буга чейин өкмөт өлкөдө медициналык беткап жетишсиз болуп жаткандыктан, жергиликтүү ишканалар аны өндүрүүнү баштаганын билдирген.